Жаңылыктар
Милиция 3 жашар баланын ооруканада каза болгонун иликтөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Милиция 3 жашар баланын ооруканада каза болгонун иликтөөдө

Бишкекте милиция ооруканада каза болгон 3 жашар баланын өлүмүнүн себебин иликтөөдө. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти. 

Милициянын маалыматына караганда, 13-январда жаран ооруканада кесиптик милдетин туура эмес аткаруудан улам 3 жаштагы баласынын өлүмүнө алып келген медицина кызматкерлерине чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Аталган факты Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан каттоого алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда тергөөгө чейинки териштирүү уланууда.