Жаңылыктар
Футбол: Кыргызстан - Таиланд беттеши 16-январда болот
Кыргызстан жаңылыктары
Футбол: Кыргызстан - Таиланд беттеши 16-январда болот

16-январда 2023-жылкы футбол боюнча Азия Кубогунун "F" тайпасында Таиланд-Кыргызстан беттеши орун алат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул тапта Катарда өтүп жаткан футбол боюнча негизги континенталдык турнирдин алкагында "Ак шумкарлар" өз тайпасында кез келчү алгачкы Таиланд командасы өз тарыхында Азия Кубогунда жети жолу ойногон. Кыргызстан жана Таиланд Улуттук курама командаларынын ортосунда жолдоштук беттеш тарыхта бир гана жолу – 2001-жылы өткөн. Аталган жылдын 30 январында орун алган оюнда атаандаштар өз үйүндө 3-1 эсеби менен биздин курамабызды жеңип алган. Азия Кубогу 12-январда башталган. 10-февралга чейинки аралыкта Катардагы 9 стадионунда өтөт.

Турнирдин бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында "УТРК Спорт" каналында жеткиликтүү болот.