Жаңылыктар
Белизден келген документтер кызуу талкууну жаратууда
Саясат
Белизден келген документтер кызуу талкууну жаратууда

Белизден келген документтер апта бою кызуу талкууланды. Аны ачыкка чыгарабыз деген тараптар булактын ишенимдүү экенине ынандырса, бул иштерге тиешеси бар деп айтылып жаткандар кара пиар катары кабылдап, “саясий шоу” деп атады. Бирок, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иликтөөгө тоскоолдук жаралып жатканын, маселе укуктук талаадан алыстап кеткенине кабатыр. 

“Ата-мекенчи” депутаттарга карата айтылып келген “Мегакомдун” акцияларына байланыштуу талаш-тартыштарды Белизден келген документтер күчөттү. Парламентте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы менен Башкы прокурорго суроолор туш тараптан берилди. Иликтөө иштери соңуна чыкпай туруп депутаттардын коррупцияга тиешеси бар деп жарыяланышын айрымдар сынга алды. “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев документтерди жасалма деп эсептейт.

“Ата-Мекен” фракциясынын 3 депутатына байланыштуу айтылган маселелер эми гана ачыкка чыгып жатканына өзгөчө маани бергендер да бар. Ошондой эле мародерлук боюнча айыптоолор айтылганы менен ага чекит коюла элек. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина атайын кызмат адамдары жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтсө деген пикирде.

“Алар кесипкөйлүгүн көрсөтүп иликтеши  керек. Эгер документтер оригинал болсо, “Ата-Мекен” фракциясынын өкүлдөрүнүн  бул ишке тиешеси чындап бар болсо, анда катуу чара көрүлүшү зарыл. Биз алар  менен көптөгөн жылдар бою оппозицияда бир жүрүп, кыйынчылыктарга бирге  турганбыз. Бирок, жасалган кылмыштар көз жаздымда калбашы керек. Көптөгөн  жарандарды, мени да мародерлук боюнча айтылгандардын чын-бышыгынын аныкталышы  кызыктырат. Баары эле көп нерсени билишээрин айтышат, бирок аягына чыкпай калып  жатат. Бул керек учурда колдонулган саясий ыкма же атайын кызмат жетиштүү иш  алып барбай жатат”.

УКМКнын маалыматында 3 депутаттын “Мегакомдун” акцияларын сатуу аракети үлүштөр толугу менен мамлекеттин эсебине өткөрүлгөндөн кийин ишке ашпай калган. Мындан улам кылмыштын өзүнө байланыштуу суроолор көп. Бул парламенттеги депутаттар тарабынан да айтылды. 

Депутаттар аралашты делген ишти иликтөө үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамында УКМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"