Жаңылыктар
Кыргызстанда эс алууну эп көрө баштагандар арбыды
Туризм
Кыргызстанда эс алууну эп көрө баштагандар арбыды

КМШ мамлекеттеринин жана Европанын көпчүлүк эс алуучулары кышкы каникулду Араб Эмираттарында, Түркияда же Тайланда эмес, Кыргызстанда, тоо койнунда өткөрүүнү эп көрө баштады. Буга кооз жаратылыш, бийик чокулар жана баалардын салыштырмалуу өтө кымбат эместиги себеп дейт эс алуучулар. Өлкөдөгү айрым лыжа базалары мурунку советтик өлкөлөрдүн ичинде эң мыкты тоо лыжа курортторунун катарын толуктоодо. Кардын эрте түшүшү, тургундарга ыңгайсыздык жаратканы менен кышкы туризмдин эрте башталышын шарттады. Эс алуу күндөрү сноубордун, лыжасын жүктөнүп тоону көздөй жөнөгөн эс алуучулардын саны арбын.

Ошондой эле өлкөдөгү бийик чокулар 4 мезгил боюу дүйнө альпинистерин чогултуп келет. Аскаларды багынтуучулар үчүн эң бийик жана татаал делген “Ленин”, “Жеңиш”, “Комсомол”, “Хан Теңири” баш болгон бир катар ак кар-көк муздуу чокуларды басып өтмөйүн дүйнөлүк бийиктиктерге жол жок. Кыргыз тоолорун багындырып гана альпинистер тийешелүү даражаларга ээ болот. Андыктан альпинистер үчүн лагерлерди куруп, тейлөө шарттарын түзүп берүү зарыл дейт туризм тармагынын эскперттери.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"