Жаңылыктар
КРнын Беларусь Республикасындагы Элчиси Э.Султанбаев Беларустун Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы М.Мятликов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
КРнын Беларусь Республикасындагы Элчиси Э.Султанбаев Беларустун Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы М.Мятликов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

11-январда Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Беларус тарап ири өнөр жай ишканаларынын Кыргызстан менен өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен Беларустун ишкерлерине эл аралык бизнес-форумдарга, көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышууга көмөк көрсөтүү, Кыргызстан менен Беларустун Соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү боюнча макулдашышты.