Жаңылыктар
УКМК "24.KG" агенттигинин кеңсесинде согушту үгүттөө фактысы боюнча тинтүү жүргүздү
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК "24.KG" агенттигинин кеңсесинде согушту үгүттөө фактысы боюнча тинтүү жүргүздү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери бүгүн "24.KG" маалымат агенттигинин имаратын тинтүүгө алды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, тинтүү КР Кылмыш-жаза кодексинин "Согушту үгүттөө" беренеси боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-изилдөө иш-чаранынын алкагында жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынган.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.