Жаңылыктар
Өндүрүшкө өзгөчө көңүл бурулат
Кыргызстан жаңылыктары
Өндүрүшкө өзгөчө көңүл бурулат

Бул жылы мамлекет ири ишканаларды ишке берүү планын коюп, өлкө боюнча 100дөн кем эмес өндүрүштү жолго коюну милдеттендирүүдө. Ишкерликке белсенгендер үчүн укуктук кепилдиктер да берилүүдө. 

Жаш ишкер Ыратбек Осоев топ жылдардан бери ишкерликке белсенүүнү кыялданып келген. Ал тилеги өткөн жылы ишке ашып Базар-Коргон районуна кыш заводун ачкан. Аны “Кыргыз индустрия” ишканасы колдоп берген.

Завод бир жылда эки жүз миң даана кирпич өндүрүп үлгүргөн. Быйыл да өндүрүштүн көлөмүн көбөйтсөм деп пландап турат. Мындайда мамлекеттин колдоосу өтө чоң экенин белгилеген ишкер жергиликтүү 20 тургунду жумуш менен камсыз кылган.