Жаңылыктар
Ордо калаада дагы бир мектеп ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ордо калаада дагы бир мектеп ачылды

Бишкек шаарындагы №62 мектептин кошумча корпусу ачылды. Бул билим уясы акыркы 2 жарым жыл аралыгында ордо калаада ачылган 42чи мектеп болуп калды. Имараттын ачылышына катышкан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, мамлекет тарабынан мектептерди куруу иши активдүү уланууда. 

Бишкек шаарындагы 1500 окуучуга ылайыкташкан №62 мектепте ушул кезге чейин 3 миңден ашык окуучу билим алып келди. Мындай жагдай кошумча сабактарды жана ийримдерди өтүүгө ыңгайсыздык жараткандыктан, мамлекет башчысынын тапшырмасы менен 10-кичи райондогу И.Арабаев атындагы окуу жайынын имаратынын тең жарымы мектептин карамагына өттү.

Жарык жана кенен класстар, окуучулар жалгыздан отуруучу сапаттуу парталар, бор менен жазууга гана эмес, көрсөтмө куралдарды магнит менен чаптоого ылайыкталган заманбап доска, чоң китепкана жана окуу залдары, акыркы үлгүдөгү техникалар менен жабдылган ашкана, анан да кыргыз тил адабияты сабагын тереңдетип билим берүүгө ыңгайлашкан атайын кино зал. Мунун баарын жаңы ачылган мектептин өзгөчөлүктөрү катары санасак болот.