Жаңылыктар
Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу ачылды

Бүгүн, эртең мененки саат 08:20да Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, каттам ачылды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери №26 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары тарабынан жүргузүлдү. Эскерте кетсек, 16 январь түнкү саат 03:00 чамасында бул унаа жолго кар көчкү түшүп, унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 3200 м3 түзөт.