Жаңылыктар
“Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
“Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

Конституциялык Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилгенге чейин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыялоону камсыз кылуу менен адамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоону камсыз кылуу жөнүндө өзгөртүү киргизилди.

Бирдиктүү портал укук жаатындагы бардык маселелерди талкуулоо үчүн бирдиктүү аянтча болуп саналат, ал жарандардын мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга катышуусун жеңилдетет. Натыйжада кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын сапатынын жогорулашы күтүлүүдө.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.