Жаңылыктар
“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2021-жылдын 8-февралындагы КР Президентинин № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Сунушталган өзгөртүүлөр менен Мыйзамдын түзүмү кайра каралган, мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүүнү жана электрондук башкарууну ишке ашырууну эске алуу менен толуктоолор (жаңы беренелер) киргизилген, өзгөчө кырдаалдар шарттарында өлкөнү дары каражаттары менен камсыздоо маселелери, анын ичинде, дары каражаттарынын жок жана дефицит болуу коркунучу эске алынды, ошондой эле, улуттук мыйзамдарды Евразиялык экономикалык биримдиктин актылары менен, анын ичинде, дары каражаттарын алып кирүү (импорттоо) жана алып чыгуу (экспорттоо) боюнча шайкеш келтирүү маселелери эсепке алынды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.