Жаңылыктар
УКМК: Компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борбору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борбору ачылды

Бүгүн, 2024-жылдын 16-январында, Атайын кызматтын жетекчилиги жана Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ли Вондженин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун базасында Компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборунун (SOC) ачылыш аземи болуп өттү.SOCтун ачылышы Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоодогу стратегиялык кадам болду. Борбор санариптик мейкиндикке күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле киберкоркунучтарды ыкчам аныктоону жана аларга жооп кайтарууну камсыз кылган алдыңкы технологиялар менен жабдылды.

SOCтун негизги өзгөчөлүгү анын туташкан уюмдардын маалымат инфраструктурасын үзгүлтүксүз коргоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү болуп саналат.

Бул ыкма реалдуу убакыт шартында заманбап киберкоркунучтардан натыйжалуу коргоо куралын камсыз кылат.

Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) менен биргелешкен долбоордун алкагында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы ийгиликтүү кызматташуунун аркасында SOC ийгиликтүү ишке ашты.

SOCтун ачылышы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өлкөнү заманбап киберкоркунучтардан коргоону камсыздоо боюнча маселелерди ишке ашырууга умтулуусун баса белгилейт.