Жаңылыктар
Т.Алтымышев: "Бизде сөз эркиндиги бар"
Кыргызстан жаңылыктары
Т.Алтымышев: "Бизде сөз эркиндиги бар"

"Бизде сөз эркиндиги да бар, адам укугу да корголот". Мындай пикирин журналист Тынчтык Алтымышев фейсбуктагы баракчасына жазды. 

"Сөз эркиндиги десе эле жалган маалыматтарды таратып, бирөөнүн абройуна шек келтирген материалдарды чыгара бериш эмес да. Биздин сырттан каржыланган сайттар менен журналисттерибиз дайыма ушундай кырчаңгыланган материалдарды таратышат. Анан жоопко тарта баштаса эле сөз эркиндиги өлдү деп кыйкырып чыгышат. Эгер алардын чыгарган материалдарында чындык бар болсо эл деле аларды ээрчип кетмек. Көпчүлүгү жалган материалдар болгондуктан аларды ээрчибейт. Алар жалаң жамандык издешет. Өлкөдө болуп жаткан жакшы жаңылыктарды таптакыр жазышпайт. Эң жок дегенде жарым жартылай болсо да жакшы жаңылыктардан аралаштырып жазып турушса болмок. Ошондо балким эл колдойт беле? Чыңкый чындыкты айтып чыккан бирөө жарымды жоопко тарта баштаса анда эл көтөрүлүп кетет. Кыргыздар бул жагынан жемибизди жедирбейбиз" - деп жазган Тынчтык Алтымышев.