Жаңылыктар
ИИМ: 11 журналист 48 саатка камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: 11 журналист 48 саатка камакка алынды

Массалык башаламандыкка чакыруу менен козголгон кылмыш иши боюнча шектүүлөр камакка алынганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Анда айтылгандарга караганда, 2023-жылдын 30-декабрында интернет мейкиндигин мониторинг жүргүзүү учурунда, «Айт Айт Десе» жана Temirov Live интернет-аянтчаларында жайгаштырылган массалык башаламандыкка чакырган маалыматтар табылган. Бул окуя боюнча ИИМдин КБРинде катталып, Тергөө кызматы тарабынан соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. 

12-январдагы экспертизанын корутундусуна ылайык, «Айт Айт Десе» жана Temirov Live баракчаларында жарыяланган материалдарда нааразылык акцияларына жана массалык башаламандыктарга чакырыктарды камтыган маалыматтар экендиги такталган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин массалык тартипсиздиктер жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу беренелери менен кылмыш иши козголгон. 

16-январда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жогоруда аталган жарыяланган басылмаларга тиешеси бар жарандардын жашаган үйлөрүн тинтүү учурунда далил катары документтер, уюлдук телефондор, фотоаппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык каражаттар жана банк карталары табылган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин тартибинде кылмыш жасаганга шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.