Жаңылыктар
Талас шаарындагы №18 бала бакчанын ашканасы оңдоодон өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Талас шаарындагы №18 бала бакчанын ашканасы оңдоодон өттү

Талас шаарындагы №18 Нагима апа атындагы бала бакчанын ашканасы оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесинде оңдоо иштери Талас шаардык мэриясынын жана шаардык кеңешинин колдоосу менен жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын ашканасын утурумдук оңдоп-түзөө иштери үчүн жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.