Жаңылыктар
Шайлоого катыша тургандар мыйзамды сактоого убада беришти
Саясат
Шайлоого катыша тургандар мыйзамды сактоого убада беришти

Борбордук шайлоо комиссиясында Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо, бири-бирин урматтоо, атаандашка болгон сый мамилени сактап, 

жеке эле өзү эмес партиялаштары менен чогуу шайлоочулардын добушун сатып алууга каршы турууга убада беришти. 

Убада меморандуму кол койгондон тартып күчүнө кирди жана шайлоонун жыйынтыктары жарыялангыча күчүн жоготпойт.