Жаңылыктар
Асел Ногойбаеванын мурдагы жолдошу аталык укуктан ажыратылды
Кыргызстан жаңылыктары
Асел Ногойбаеванын мурдагы  жолдошу аталык укуктан ажыратылды

Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов аталык укуктан ажыратылды. Бул тууралуу жактоочу Индира Саутова билдирди. Иш кечээ Сокулук райондук сотунда каралды. 

Тергөө абагында отурган айыпталуучу процесске онлайн катышкан. Сот Асел Ногойбаеванын доосун канааттандырып, Азамат Эстебесовду аталык укуктан ажыратты.