Жаңылыктар
Куралдуу күчтөрдүн тик учмасы кырсыктады
Кыргызстан жаңылыктары
Куралдуу күчтөрдүн тик учмасы кырсыктады

Иликтөө иш-чараларын объективдүү жүргүзүү максатында Куралдуу Күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргонуу аскерлеринин айрым жооптуу кызматкерлери ээлеген кызматынан убактылуу мөөнөткө бошотулду. Бул тууралуу, Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Бүгүн, түшкө жуук Бишкекке жакын аймакка аскердик тик учма кулап түшүп, бир нече киши жабыркаган. 

Экипаж мүчөлөрү дароо Бишкек шаарындагы клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилген. Төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын бири өтө оор абалда экени айтылды. Калганы ар кандай жаракат алышкан. Дагы экөө Улуттук госпиталда дарыланууда.

Маалымат боюнча, өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн аскер бөлүгүндө, окуу-машыгуу жүрүп жаткан. Ошол маалда Ми МТВ тик учагы кыйраган. Тумшугу менен катуу түшкөндүктөн, майдаланып, куйругу сынып кеткен.