Жаңылыктар
Орган алмаштыруу операциялары эми Кыргызстанда жасалат
Кыргызстан жаңылыктары
Орган алмаштыруу операциялары эми Кыргызстанда жасалат

Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы жасалат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин жыйында билдирди. Кымбат баалуу операцияларды жасоого мамлекет өзгөчө көңүл буруп, кезекте турган 50 жарандын операциясына Президент каражат бөлө турган болду. Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында татаал операциялар боюнча бир катар суроолор берилип, министр бул багытта аткарылып жаткан иштерге токтолду.