Жаңылыктар
"Мамлекеттик маанидеги долбоор" макамы
Кыргызстан жаңылыктары
"Мамлекеттик маанидеги долбоор" макамы

Камбар-Ата – 1 ГЭСин, Казарман ГЭСтер каскадын жана Кемин-Торугарт – 500 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысынын курулушу боюнча долбоорлорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” макамын берүү чечими кабыл алынды. Мындай кадам өлкөнүн энергетика тармагына жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кандай түрткү бере алат? 

Эми дал ушул Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу ыргагы тездейт. Энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан айрым долбоорлорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” макамын берүү чечими кабыл алынды. Инвестиция тартууну жогорулатууга багытталган тизмеде Казарман ГЭСтер каскадын жана Кемин-Торугарт – 500 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысынын курулушу боюнча долбоорлор дагы кирди.