Жаңылыктар
Кумтөрдүн негизги долбоорлорунун бири - Тоголок алтын кени
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөрдүн негизги долбоорлорунун бири - Тоголок алтын кени

Бүгүнкү күндө кенди өздөштүрүү иштери активдүү жүрүп жатат. Алтын жайгашкан "Жангарт" аянтын чалгындоо - өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган өзгөчө тапшырмалардын бири. Кененирээк алдыдагы материалда сөз болот.

“Кумтөрдүн” негизги долбоорунун бири болгон - Тоголок алтын кенин өздөштүрүү иштери активдүү уланууда. Мындан болгону 5 ай мурун бул жерде тоо-таштан башка эч нерсе жок ээн жер эле. Бүгүн бургулоочу техникалар, бульдозер, экскаваторлор күрүлдөп иштеп, жумушчу тилкелерде, геологдордун чакан лагеринде кыймыл күч алды.

Тоголок алтын кенин иштетүү, Жангарт аянтын чалгындоо - өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган өзгөчө тапшырмалардын бири. Бул жаңы кендерди өздөштүрүү боюнча лицензия “Кумтөр Голд Компаниге” 2023-жылдын 8-августунда берилген. Компания жетекчилиги мөөнөтүнөн мурда, бир айга жетпеген убакыт ичинде долбоордук документтерди бүтүрүп, Үч-Кошкон айылынан кенге карай 35 чакырымдык жаңы жол салды. Өткөн жылдын ноябрынан тартып бургулоо иштери башталды. 40 жылдан ашык убакыттан бери жабылып турган штольня калыбына келтирилип, учурда ал жакта да иш кызуу жүрүүдө.