Жаңылыктар
Дүйнөдө 600 миңдей этникалык кыргыз бар
Маданият
Дүйнөдө 600 миңдей этникалык кыргыз бар

Бишкекте Тарых жана маданият жылынын алкагында "Кайрылмандар интеграция  көйгөйлөрү жана жергиликтүү эл менен ыңгайлашуунун формалары” деген аталышта жыйын өттү.Анда этникалык кыргыздардын Кыргызстанга келгенден берки ийгиликтери менен көйгөйлөрү талкууга алынды. Негизги маселелери Кыргызстандын жарандыгын алуу, жер тилкелеринин жоктугу, билим алууга болгон умтулуунун басаңдыгы  сыяктуу социалдык өңүттү түзөт.

Жыйында Кыргызстандын ичинде 60 миңдин айланасында кайрылмандар бар  экендиги, алардын 50 миңи жарандык алышканы белгилүү болду. Дүйнөнүн чар тарабында дагы  600 миңдей этникалык кыргыздар бар. Арлар өз тилин дилин унутпай сактап, Кыргызстанга келүү ниеттерин билдирип жатышканы айтылды. Ошондой эле Орусияга кеткен  кыргыз мигранттары ал өлкөнүн жарандыгын алып жатышканы баса белгиленди.