Жаңылыктар
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан райондук кеңештер жөнүндө ченемдерди алып салуу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.