Жаңылыктар
УКМК: Экс-премьер-министрдин жакыны изделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Экс-премьер-министрдин жакыны изделүүдө

Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин мыйзамдаштырган деген шек менен Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысынын тууганына издөө жарыяланды. Ал криминалдык авторитет Камчы Асанбектин кылмыштуу тобу ишкер субъекттеринен опузалап акча алып турганын билип туруп, 2018-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен активдүү иш жүргүзгөн. 

Атап айтканда, ал Камчы Асанбек менен Ысык-Көл облусунда «Каганат» пансионатынын аймагында жайгашкан «Фламинго Бэй» ресторанына жана Чолпон-Ата шаарынын аймагында жайгашкан «White» түнкү клубуна ээлик кылып, ошондой эле "Ордо" соода оюн-зоок комплексинен элиталык түнкү клуб ачууну пландап, каражат салган. 

Мындан сырткары, ал Бишкек шаарында 11 элитикалык мекемени тейлеген ресторан бизнесин башкаруучу компанияга ээ болгон. Ошондой эле 5 ресторан мекемесин камтыган "Айза Хоспитал" компаниясына ээлик кылат. Мындагы кирешенин бир бөлүгү кылмыштуу топту каржылоого жумшалган. Издөөгө алынган жаран түшкөн кирешенин реалдуу көлөмүн жашыруу максатында мүлктөрүн жакындарына каттаткан. Чүй облусунун аймагында эле К.Асанбекке таандык «Каганат» эс алуу борборундагы 180ден ашык жер тилкеси жана коттеджи аныкталган. 17-январда ага жасаган кылмыштары боюнча сыртынан айып тагылып, издөө жарыяланды.