Жаңылыктар
УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Бүгүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды.

Атайын кызматтан кабарлашкандай, анын ачылышына президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Өлкө башчы Камчыбек Ташиевдин жетектөөсүндөгү коопсуздук кызматынын башкармалыктары өздөрүнө жүктөлгөн милдетти так, жоопкерчилик менен аткарып келе жатканын белгиледи.

"Бирок бардык эле жоопкерчиликти коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жүктөй бербестен алардын кызматын так аткарууга көмөкчү боло турган шарттарды түзүү мамлекеттин милдети. Коопсуздук органы, анын облустардагы башкармалыктары мамлекеттин ишенимдүү таянычы болуп берет. Ошондуктан ички,тышкы коркунучтарды алдын алуу, керек болсо натыйжалуу сокку берүү үчүн жетиштүү шарттарды түзүү кажет. Мына ушул максатта республиканын бардык аймактарындагы башкармалыктарынын имараттары жаңыланды", - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы коопсуздук кызматкерлери бардык шарттар менен камсыздалып, көөдөнү ток болсо көрүнбөс майдандагы күрөшү натыйжалуу болоорун белгиледи.

Белгилей кетсек, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын имараты 1976-жылы курулуп, андан бери бир да ремонт жасалган эмес.