Жаңылыктар
Милдетти так аткаруу үчүн шарт түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Милдетти так аткаруу үчүн шарт түзүлдү

Бардык жоопкерчиликти коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жүктөй бербей, алар кызматтык милдетин так аткарууга шарт түзүү керек. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда УКМКнын Башкармалыгынын жаңыланган имаратынын ачылышында белгиледи. Аталган имаратка дээрлик жарым кылым капиталдык ремонт болгон эмес.

УКМКнын Башкармалыгынын имараты 1976-жылы курулган. Дээрлик жарым кылымды чамалаган мезгилде бир дагы жолу капиталдык ремонт жүргүзүлгөн эмес. Башкармалыкка заманбап шарт түзүү менен бирге, 544 чарчы метрди түзгөн кошумча имарат курулду. Спорт залы жаңыртылып, айлана-чөйрөсү дагы иреттелген.