Жаңылыктар
Декларация тапшыруу жараяны башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Декларация тапшыруу жараяны башталды

Өлкөдө жарандардын киреше, чыгашасын аныктоо боюнча декларация толтуруу жараяны башталды. Салык декларациялык өнөктүгү эки этаптан туруп, жалпы жонунан 1-майга чейин соззулат. 

Бишкек шаарынын тургуну Уланбек Чанов, ишкерчилик деле кылбайт бирок, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу бар жаран катары салык декларациясын тапшырышы керек. 5 жылдан бери жараян башталары менен эч кандай кезек күтпөш үчүн тиешелүү документтерин алып келип, эртелеп тапшырып жүрөт. Бул жолу да декларация тапшырууга алгачкылардан болуп келди.

Жыл сайын декларация кабыл алуу иш-чарасына республика боюнча баардык салык башкармалыктары алдын ала даярданышат. Айрым учурда кошумча адистерди жумушка алып, иштөө графиги да көбөйөт. Бирок алгачкы убактарда анчалык деле оордук жок болгондуктан, азырынча мындай аракеттер баштала элек. Ошентсе да ар бир салык кызматында кошумча компьютерлер коюлуп, кеңеш берүүчү адистер дайындалган.