Жаңылыктар
Орус драма театры капиталдык оңдоодон өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Орус драма театры капиталдык оңдоодон өттү

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театрынын артисттери жакында капиталдык оңдоодон өткөн кичи сахнага чыга баштайт. Быйыл орус драма театрында курулуш иштери кызуу жүрүп, көлөмдүү жумуш аткарылды. Буга чейин эскилиги жеткен үч кабаттагы грим бөлмөлөрү, кичи зал, фойе, Пушкин көчөсү тарабындагы театр аянтчасы, имараттын сырты толук оңдолду. Театрды жарым-жартылай оңдоо жумуштарына бюджеттен 64 млн сом бөлүнгөн.

Театрдын имараты Бишкектин чок ортосунда, эмен багында жайгашкан. Азыр имараттын Пушкин көчө бетинде баягы чаржайыт болгон түнкү клуб, кароке, кафе-барлар жок. Театрдын бул тарабына капиталдык оңдоо жүргүзүлгөндөн кийин имараттын сырты аппапак болуп, жаркылдап жаңыланды. Сырткы айнеги, аянтчасы, эшиги толугу менен жаңы, дубалдары да оңдоодон өттү.