Жаңылыктар
Минкаб башчысы Акылбек Жапаровдун Москвага иш сапары болду
Кыргызстан жаңылыктары
Минкаб башчысы Акылбек Жапаровдун Москвага иш сапары болду

2024-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары болуп өттү.Визиттин алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, Кыргыз-Россия Өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиясынын илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушуулар болду.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кыргыз-орус кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү пландарын белгилешип, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча «синхрондук байкоо жүргүзүп»,  Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын жана 11-аймактар аралык кыргыз-орус конференциясынын датасын макулдашышты.