Жаңылыктар
“Тулпар” картасы акчаңызды үнөмдөйт
Кыргызстан жаңылыктары
“Тулпар” картасы акчаңызды үнөмдөйт

Бишкек шаарында 30-январдан тарта коомдук траспорттун жол кире акысы көтөрүлөт. Шаар бийлиги биринчиден тургундардын чөнтөгүнө күч келбесин, экинчиден бюджетке түшчү акча сол чөнтөккө солонуп кетпесин деп “Тулпар” картасын алууга басым жасап, элге сунуштоодо. Ушул күнгө карата унаага түшкөндө жол акысын накталай эмес эсептешкен шаардыктардын саны 400 миңден ашкан. 

Ушул айдын 30нан баштап коомдук транспортко жол кире жогорулайт. Накталай төлөм менен 20, ал эми “Тулпар” картасы менен 17 сомго айланат. Ал эми Мегапэй электрондук капчыгы менен жол кире акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом бойдон калат. “Тулпар” картасы 3 категория менен берилет: катардагы жаран көк түстөгү карта алып бирдик катары акча жүктөп 17 сомдон жүрө алат, окуучулар айына 360 сом төлөп жашыл түстө карта менен чектөөсү каттай алат. Ал эми үчүнчү категорияга киргендер акысыз жүрө алат.