Жаңылыктар
Салык кызматы «Берекет Универсал» базарынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8,5 миң куту тамеки тартып алды
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы «Берекет Универсал» базарынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8,5 миң куту тамеки тартып алды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ички иштер министрлиги менен биргеликте Бишкек шаарындагы "Берекет Универсал" соода комплексинин аймагында контрафакттык тамекини сатуу фактысын аныкташты.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 8 миң 545 куту тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, акциздик маркалары жок 500 даанага чейин тамеки саткандарга 65 миң сом айып, ал эми 1000 даанадан ашык тамеки үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы ишкерлерди тамеки продукцияларын акциздик маркасыз сатпоого жана акциздик марканын аныктыгын жана продукцияга шайкештигин кылдат текшерип турууга чакырат.