Жаңылыктар
Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт унаа жолундагы жол белгилери жаңыланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт унаа жолундагы жол белгилери жаңыланууда

Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт унаа жолундагы жол белгилери жаңыланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жол белгилерин №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө.

"№2 Жол тейлөө мекемеси Ош–Баткен–Раззаков, Баткен–Кара-Бак–Чоң-Талаа, Бужум–Баткен–Кызыл-Жол унаа жолдорундагы эски белгилерди алмаштыруу менен алек", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жол белгилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзү чыгарат.

“Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинен чыккан жол белгилер 7-10 жылга чейин жарамдуу болуп, баасы тирөөчү менен кошкондо жеке компанияларга салыштырмалуу арзан болот.

Андан тышкары, учурда №21 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Ош–Баткен–Разаков унаа жолунда жол четин ирээтке келтирүү, тегиздөө жумуштары жүрүп жатат.