Жаңылыктар
Кыргыз асыл тукум заводу жаңыланат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз асыл тукум заводу жаңыланат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Сокулук районундагы Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун жана "Кыргыз мам асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. 

Учурда институттун асыл-тукум биолабораториясында ири мүйүздүү малды генетикалык жактан жакшыртуу жана жасалма уруктандыруу потенциалын жогорулатуу, региондордогу техник уруктандыруучуларды суюк азот менен камсыздоо иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. “Биз таза кандуу, генетикалык жактан асыл тукум сертификаты бар мал жандыктардын уругун алганда гана сандан сапатка өтөбүз. Бул бүгүнкү күндүн приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. Ошондой эле, климаттык шартка ылайыкталып, текшерүүдөн өткөн ата мекендик жайыт үрөндөргө басым жасоо керек”, - деди Бакыт Торобаев. Бул багытта район жетекчилерине, акимдерге, техник уруктандыруучу жана фермерлерге атайын окуу семинарларын уюштуруу тапшырмасы берилди.Мындан тышкары, Сокулук районундагы "Кыргызмамасылтукумзаводу" мамлекеттик ишканасынын жетекчисине ишкананы толугу менен реконструкциялоо боюнча сметалык долбоор даярдоо тапшырылды.