Жаңылыктар
Аламүдүндө жоголгон жаранды издөө иштери дүйшөмбүдө уланат
Кыргызстан жаңылыктары
Аламүдүндө жоголгон жаранды издөө иштери дүйшөмбүдө уланат

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө иштери убактылуу токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө иштеринен натыйжа чыкпаганын белгиледи. 

Аталган мекеме издөө иштери 22-январь күнү саат 08:30да улантыларын кошумчалады.Буга чейин аталган мекеме издөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көзөмөлдөп жатканын билдирген. “12 каминов” эс алуучу борборунун аймагында министрдин орун басары Урматбек Шамыркановдун башчылыгында штаб түзүлгөн. 14-январда Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында 28 жаштагы Мухамбеталы Маматалы уулу дайынсыз жоголгону кабарланып, издөө иштери башталган. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле анын тоо жакты көздөй бара жатканы Аламүдүн капчыгайындагы "Жаннат Резорт" мейманканасынын видео камерасына түшүп калган.