Жаңылыктар
«Аврора Гриндин» 31 коттежи менен 2 корпусу мамлекетке өттү
Кыргызстан жаңылыктары
«Аврора Гриндин» 31 коттежи менен 2 корпусу мамлекетке өттү

Талашта болуп келген "Аврора Гриндеги" 31 коттеж жана 2 корпус толугу менен мамлекетке кайтарылып, "Аврора" санаторийинин карамагына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Facebook баракчасына жазды.

Ал ошондой эле бул коттеждерге жакын жайгашкан "Аврора" санаторийи да мындан бир жарым жыл мурда иш башкармалыкка өткөндөн кийин "жакшы натыйжа бере баштады" деп маалымдаган. "Алсак, "Аврора" санаторийи толугу менен санариптештирилди, акылдуу кулпулар орнотулуп, накталай эмес төлөм жүргүзүүгө өттү. Эми кызмат акысын кардарлар онлайн төлөсө болот, бул кадам менен коррупциялык элементтер жоюлду. Санариптештирүү аркылуу Бишкектен эле санаторийге канча адам кирип чыкканын көзөмөлдөөгө мүмкүн болуп калды", - деп жазды ал.