Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү "Аалам ордо" комплекси калыбына келтирилиши мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдөгү "Аалам ордо" комплекси калыбына келтирилиши мүмкүн

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров министрлер кабинетине Тоң районундагы "Аалам ордо" комплексин калыбына келтирүү боюнча сунуш берет. Бул тууралуу ал комплекстин абалы менен таанышкан учурда айтканын өкүлчүлүктөн маалымдашты. 

Билдирмеге ылайык, Абдыкадыров комплекстин учурдагы абалына тынчсызданып, бул маданий-агартуу объектисин калыбына келтирүү зарылдыгын белгилеген. "Бул жайды реконструкциялоо анын тарыхый маанисин гана жандандырбастан, аймактагы туризмди өнүктүрүүгө, экономикалык өсүшкө стимул берет. Маркум меценат, коомдук ишмер Ташкул Керексизовдун демилгеси менен курулган "Аалам Ордо" комплекси 2009-жылдан бери кароосуз калган", — дешти өкүлчүлүктөн.