Жаңылыктар
Арты-артынан катталган наристелердин өлүмү. Күнөө кимде?
Кыргызстан жаңылыктары
Арты-артынан катталган наристелердин өлүмү. Күнөө кимде?

Алмазбек Мурзакалиев, Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында чарчап калган 2 жашар баласын кечээ жерге берди. Кичинекейинин өлүмүнө дарыгерлерди күнөөлөп жатат. Анткени, башка ооруканага барасыңар деп медицина кызматкерлери—жакшы көңүл бөлбөй коюшкан. Баланын абалы таптакыр начарлап кеткенде гана реанимацияга алып киришкенин билдирди. 3 сааттын ичинде бала чарчап калган. Медицина кызматкерлери шалаакы мамиле кылбай, убагында жардам көрсөтсө, уулунун өмүрүн сактап калышмак экен.