Жаңылыктар
Маанилүү долбоорлор мамлекеттик макам менен корголду
Кыргызстан жаңылыктары
Маанилүү долбоорлор мамлекеттик макам менен корголду

Көп жылдардан бери толук каржылык жетишсиздик абалында турган энергетика тармагы кайрадан жанданууга бет алды. Акыркы 2-3 жылда көргөн аракеттердин акыбети жакынкы жылдарда кайтып, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн локомотивдеринин бири болушу керек. Мамлекет көп жылдар бою уланып келген электр энергиясынын жетишсиздигин жоюуга жана чоң-кичинесине карабай өндүрүлгөн кубаттуулукту көбөйтүүгө жөндөмдүү бир катар долбоорлорду ишке ашырууну колго алды.