Жаңылыктар
Меркель Германия канцлерлиги үчүн төртүнчү ирет талапкер болот
Дүйнө
Меркель Германия канцлерлиги үчүн төртүнчү ирет талапкер болот

Бул кадамы тууралуу  20-ноябрь күнү кечинде Берлинде өткөн басма сөз жыйында расмий түрдө билдирди. Келечектеги бундестаг шайлоосун Меркель “Германия бириккен убакыттан бери эң оор учур”- деп айтты. Ал туура чечим кабыл алганын, ушул жолду өлкөсү менен бирге басып өтүүгө күчү жетерин билдирди. Германияда 2017-жылы жайы же күздө өтүүчү парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен канцлердик кызматты ким ээлей тургандыгы чечилет. Бул кызматты 2005-жылдан бери Меркель аркалап келет. Немис Bild гезити Германиянын жарандарынын арасында социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн учурда, немистердин 55 пайызы Ангела Меркелдин талапкерлигин колдоорун, 39 пайызы каршы экенин, Bild басылмасы жазып чыкты. 

Үстүбүздөгү жылдын август айында ушул эле гезиттин сурамжылоо учурунда, Ангела Меркелди немистердин 50 пайызы колдоорун билдирген. Салыштыра келсек, соңку сурамжылоо учурунда Маркелдин талапкерлигин кодогондор 5 пайызга көп болууда. Ангела Меркелге келечектеги шайлоодо Христиан демократ менен Христиан социалдык жана аялдар өнөктөштүктөрү колдоо көрсөтөт. Атүгүл атаандаш болуп келген,  Германиянын социал –демократиялык  партиясы да колдой турганын жарыялады. Кененирээк аудио аркылуу укса болот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов дайындады.Тааныштырган Рахматулла Кудайбердиев, "Биринчи радио".