Айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жана аймактарды ирилештирүү иштери өлкө башчысынын Жарлыгынан кийин ишке ашып жатат. Аймакташтыруу аракети пилоттук режимде алгачкылардан болуп Түп районунда башталган. Административдик-аймактык реформа Нарын облусу менен Түп районунда толук өттү. Түптө мисалы мурда 13 айыл аймак болсо, алар ирилешип 5 айыл аймак болуп түзүлдү.