Жаңылыктар
Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу башталды

Бүгүн 2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун IV туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. 

Сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 24-январда аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 25-январда жайгаштырылат. Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 27-январга чейин тастыктоосу керек. Эскерте кетсек, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун I туру 2023-жылдын 25-декабрында башталган.