Жаңылыктар
Талапка жооп бербеген импорттук азыктар аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Талапка жооп бербеген импорттук азыктар аныкталды

Кыргызстанга Орусиядан жер-жемиштерди ташып кирүүдө фитосанитардык талаптар бузулган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы "Ак-Тилек автожолу" фитосанитардык контролдоо пунктунда карантиндик фитосанитардык текшерүүдө Орусиядан 18 тонадан ашык цитрус жана-жер жемиштер - апельсин, баклажан, грейпфрут, курма, алмурут, анар, мандарин, болгар калемпири, бадыраң, лимон, киви жемиштерин Кыргызстандын аймагына алып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулган. Текшерүү учурунда бул жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификатынын мөөнөтү 1 жылга өтүп кеткендиги жана QR коду менен текшергенде, башка фитосанитардык сертификатка жазылганы аныкталды. Автоунаа Мамлекеттик салык кызматынын атайын айып пул төлөнүүчү жайына киргизилди. Ал эми мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүү үчүн топтолгон материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлдү.