Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: Өлкө экономикасынын реалдуу секторунда 2023-жыл – тарыхый чекти баскан жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: Өлкө экономикасынын реалдуу секторунда 2023-жыл – тарыхый чекти баскан жыл болду

Кыргызстандын экономикасынын реалдуу секторунда 2023-жыл - тарыхый чекти баскан жыл болду. Бул тууралуу жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. 

Ички дүң продукттун көлөмү 1 трлн 228 млрд 900 млн сомго жетип, өсүү темпи 6,2% болду. Кумтөрдү кошпогондо 1,15 трлн сом, өсүү - 8,1%ды түздү. "Инфляция 2022-жылдын декабрына салыштырганда 7,3%га түштү. Өлкөдө социалдык маанилүү товарлардын баасы да дээрлик туруктуулукта кармалды. Анткени санариптик контролдор, ККМ жана башка фискалдык механизмдер иштей баштады", - деди Акылбек Жапаров. Өткөн жылда экономикадагы реалдуу сектордун үлүшүндө кызмат көрсөтүүлөр 51%, товар өндүрүүчү тармактар 32% болду.