Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Franklin Templeton компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Franklin Templeton компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Инвестициялык фонддун корпоративдик стратегия боюнча башкы директорунун орун басары Мариус Дэн баштаган Franklin Templeton компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө активдерди башкарган компаниянын ишмердүүлүгү боюнча презентация жасалды. Тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөгө инвестиция тартуу, мамлекеттик компанияларды башкарууда реформаларды жүргүзүү, корпоративдик башкарууну жакшыртуу, ошондой эле компаниянын Бишкек шаарында өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.