Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, бир катар олуттуу маселелерге жооп берди. Мамлекет башчы негизинен өлкөнүн тышкы карызы, “Камбар-Ата-1” ГЭСнин, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорлорун ишке ашыруу жана башка маселелер боюнча пикирин билдирди.