Кыргыз прокуратурасынын түзүлгөндүгүнө 92 жыл толду.
1924-жылы 22-ноябрда Кара Кыргыз автономиялуу облусунда алгачкы жолу 15 адамдан турган улуттук прокуратура түзүлгөн.
Ал юстициянын элдик комиссариатынын системине, ал эми облустун прокурорунун кызматы облустук аткаруу комитетинин структурасына кирген.
1924-жылы 29-ноябрда Кара Кыргыз автономиялуу облусунун алгачкы прокурору болуп Михаил Безносиков дайындалган.