Жаңылыктар
2023 - Баткен үчүн жаңылануу менен өнүгүүнүн жылы болду
Кыргызстан жаңылыктары
2023 - Баткен үчүн жаңылануу менен өнүгүүнүн жылы болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан республикалык ири жыйында жергиликтүү мамлекеттик орган жетекчилери 2023-жылдын ичинде аткарган жумуштарынын жыйынтыгы боюнча отчет берүүдө. Анда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү өз сөзүндө өткөн жыл ичинде облустун аймагында негизги үч багыт боюнча иш алып барылганын белгиледи. Алар чек ара аймактарында тынчтыкты камсыздоо, калыбына келтирүү жана өнүгүү багыттары.