Жаңылыктар
100 өнөр жай ишканасы ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
100 өнөр жай ишканасы ишке кирет

Эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу ИДПнын өсүү темпи алдын ала болжолдонгондой 6% эмес, 9%га жетти. Бул дүйнөдөгү оор экономикалык кырдаалды эске алганда эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Ал белгилегендей, ИДП 1 трлн 20 млрд сомду түздү. Бул алдын ала эсептөөлөр боюнча түзүлгөн маалыматтарга салыштырмалуу дээрлик 50 млрд сомго көп.