Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында репрессия курмандыктарына эстелик орнотулду.
Анын ачылышына репрессия курмандыгынын балдары, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.
Эске салсак, 1937-1953-жылдары улутчул, эл душманы делип Ысык-Көл облусунан 2500 адам куугунтукка алынып, 400ү атууга кеткен.
Айсулуу Бакыт кызы, "Биринчи радио"