Жаңылыктар
"Түндүк" порталынын кызматтары кеңейди
Кыргызстан жаңылыктары
"Түндүк" порталынын кызматтары кеңейди

Жарандар соттолбогондугу тууралуу маалым катты эми “Түндүк” порталы аркылуу буйрутма берип алса болот. Маалым кат арыз жазгандан кийин 7 иш күндүн ичинде даяр болот. 

"Түндүк" порталына кирип "Кызматтар" деген бөлүмдөн "Маалым каттар, көчүрмөлөр" деген жерине кирип, ал жактан "Кыргызстан аймагында жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалым катты акысыз негизде алууга арыз берүү" бөлүмүн басуу керек. Андан соң маалым катты кайсы аймактан алып жаткандыгы тууралуу жазып, телефон номерди калтыруу кажет. "Өтүнмө берүү" кнопкасын басып, маалым каттын электрондук формасы чыкканда, жөнөтүп коюу керек. Эгерде бир күндө документ керек болсо 191 сом төлөө керек. Маалым кат даяр болгон соң ал тиркемедеги жеке кабинетке, көрсөтүлгөн номердеги электрондук почтага жана Telegram мессенджерине келет. Же паспорт менен калкты тейлөө борборлорунан алса болот.